Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Токтогул суу сактагычында 14,387 млрд куб метр суу топтолду


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

“Электр станциялары” ишканасынын берген маалыматы боюнча, 7-июлга карата өлкөнүн башкы суу чөйчөгүнө толгон суунун көлөмү 14, 387 млрд куб метрди түздү. Өткөн жылы ушул күнү 10,357 млрд куб метр суу турган.

Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 1 509 куб метр, ал эми агып чыккан суу секундасына 187 куб метр болууда.

Токтогул суу сактагычына суу эң көп 2011-жылы топтолгон. Анда суу чөйчөккө 19 млрд куб метрден ашуун суу толгон.

Ал эми акыркы он жылдыкта 2008-жылы суу эң аз болуп, 8 млрд куб метрге чейин түшкөн. Бийлик Токтогул ГЭСинин токтоп калуусунун алдын алуу максатында электр энергиясын берүүнү чектеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG