Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

Нурлан Мотуев дагы эки айга камалды


Нурлан Мотуевдин социалдык тармактагы сүрөтү.
Нурлан Мотуевдин социалдык тармактагы сүрөтү.

УКМКнын тергөө абагында жаткан Нурлан Мотуевди камоо мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин Бишкектин 1-Май райондук соту кабыл алды.

"Элдик-патриоттук кыймылынын” жетекчиси Нурлан Мотуевге Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгы "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, 13-майда камакка алган. 16-май күнү 1-Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Былтыр 27-мартта УКМК Мотуевге "конституциялык тузүлүштү өзгөртүүгө чакырык жасаганы жана улут, раса, диний, аймак аралык кастыкты козутканы үчүн" деген негизде расмий түрдө эскертүү берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG