Мындай маселе күн тартибине Нидерландда өткөн референдумдан улам чыккан эле.
Биримдиктин Киевдеги өкүлү Ян Томбинскинин билдиргенине караганда, уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери өткөн айдагы акыркы саммитте Нидерланддын жетекчилигине Украина менен ассоциация келишимине башка мамлекеттерди ратификация жараянын кайра жүргүзүүгө мажбурлай тургандай өзгөртүү сунуштабоосу керектигине көңүл бурушту.
Еврошаркет Украина менен түзгөн соода жана ассоциация келишимин биримдикке мүчө өлкөлөрдөн жалгыз Нидерланд гана ратификациялаган жок.
Бул жерде апрель айында чечими аткарууга милдеттүү эмес референдумда калктын басымдуу бөлүгү Украина менен түзүлгөн келишимге каршы добуш беришкен эле.
Нидерланддын премьер-министри Марк Рюттенин айтымында, ал Евробиримдик өз өлкөсүнүн шайлоочуларынын тынчсыздануусуна жооп беришин көздөөдө.
Биримдиктин лидерлери болсо өз кезегинде Украина менен келишимди өзгөртпөсүн билдирген. Анын ордуна бул келишим Киевди уюмга мүчө кыла албай турганын убада кылган билдирүү жасап берүүнү сунуш кылышкан. (UE)