Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:56

Ысык-Көлдө сел жолдорго зыян келтирди

Буга чейин Бишкек-Каракол жолундагы Боом капчыгайында сел жүргөн.
Буга чейин Бишкек-Каракол жолундагы Боом капчыгайында сел жүргөн.

Бул тууралуу облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Замир Жумагазиев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 5-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Балыкчы шаарында ондон ашык турак үйдү, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында 2-3 үйдү каптаган. Мындан тышкары, сел Булан-Сөгөттү айылында жаңы салынып жаткан Балыкчы-Корумду жолун жууп, убактылуу салынып турган көпүрөнү алып кеткен. Буга байланыштуу жолдо бир сааттай жолдо унаа тыгыны пайда болгон.

Андан сырткары Тоң районунун Кажы-Сай айылында да каналдардан суу ташыган.(AsM)

​
XS
SM
MD
LG