Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

АКШ Түндүк Корея лидерине каршы алгачкы ирет санкция киргизди


Ким Чен Ын Пхеньяндагы парадда. 10-май, 2016-жыл.
Ким Чен Ын Пхеньяндагы парадда. 10-май, 2016-жыл.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Түндүк Корея режимине кысым көргөзүү боюнча соңку чараларды 6-июлда жарыялады.

Ага ылайык, санкцияга биринчи ирет Түндүк Кореянын жолбашчысы Ким Чен Ын өзү, ошондой эле жогорку жана орто кызматтагы башка он расмий өкүл да кабылат, бирок санкциялардын таасири кандай болору азырынча анык эмес.

Санкция киргизилер алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада Ким Чен Ындын адамдарды өлүм жазасына сотсуз эле тартууга, кыйноолорго, мажбурлап иштетүүгө катыштыгы бардыгы көргөзүлгөн.

Баяндамада ошондой эле Түндүк Кореянын жумушчу лагерлер системасына, өлкөдөн качкандарды кайрадан уурдап кетүүлөргө жана башка кылмыштарга тиешеси бар делген 20дай расмий өкүлдүн да ысымы аталган.

АКШ буга чейин мамлекет башчылардан Беларус президенти Александр Лукашенкого, Сирия президенти Башар Асадга санкция киргизген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG