Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Жогорку Кеңеш төрагасы Баткенде эл менен жолугушту


Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков
Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков

Чыныбай Турсунбеков Баткендеги сапарын облустагы Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү менен жолугушуудан баштады. Андан кийин жалпы эл менен кездешип, миграция көйгөйүн, Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш айылдардын маселесин талкуулады.

Төрага мирганттар маселесине токтолуп, элдин чет жактарга агымын токтотуу үчүн бул жактан жумушчу орун түзүү зарылчылыгын белгиледи.

Турсунбеков өкмөттө жаңы ачылган чек ара маселелерин тескөөчү вице-премьер-министрлик кызматка Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Жеӊиш Разаков дайындалганын, себеби ал аймактын көйгөйүн жакшы билерин кошумчалады.

Жергиликтүү эл болсо, талаштуу чек ара тилкелерин делимитация жана деморкация иштерин тездетүүнү сурап, курулушу башталып калган социалдык объектилерди аягына чыгаруу, табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, дыйкандарды жеӊилдетилген насыя менен камсыз кылуу, пенсия менен жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу көйгөйлүү маселерди козгошту. (JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG