Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Ливияда жанкечти аскерлерди бутага алды


Жардыруудан кийин.
Жардыруудан кийин.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, бомба салынган автоунаа менен аскерлер турчу жайды сүзгөн жанкечтинин чабуулунан кеминде 11 жоокер набыт болду.

Окуя кечээ кечинде өлкөнүн экинчи ири шаары - Бенгазиде айт майрамын майрамдап атышкан аскерлер шам намазга отурган кезде болгон.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ливияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен бир катар исламчыл согушчул топтор аракеттенет.

Өлкөдөгү жарандык тиреш 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан кийин күчөп, эмдигиче басылбай келатат. (UE)

XS
SM
MD
LG