Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Centerra Gold жаңы компания сатып алууда Кыргызстандын турумун эске алган жок


Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасынан кабарлашты.

Кумтөргө ээлик кылган жана иштеткен Centerra Gold Канададагы Thomson Creek Metals компаниясын 1,1 миллиард долларга сатып алганы ушул аптада расмий жарыяланган эле.

Сатып алууну каржылоонун булактары катары - компаниянын өздүк каражаттары, кредит жана Centerra Gold компаниясынын акцияларынын кошумча эмиссиясы көргөзүлгөн.

Кошумча эмиссия “Кыргызалтындын” азыр Centerra Gold компаниясындагы 32,75% үлүшү азайышына алып барат.

«Кыргызалтындын» маалыматына караганда, Centerra Gold жаңы актив сатып алып жатканы тууралуу аларга күн мурунтан маалымат берген эмес.

Кыргызстандын компаниянын Директорлор кеңешиндеги өкүлдөрү муну жыйын учурунда гана билип, каршы добуш беришкен.

“Кыргызалтын” Centerra Gold жаңы актив сатып алуусунун чоо-жайы али иликтенерин билдирүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG