Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Германияда Ирандын тыңчысы деп шектелген пакистандык кармалды


Өлкөнүн федералдык прокуратурасы 7-июлда жарыялагандай, 31 жаштагы Саид Мустафа эки күн мурда Бремен шаарынан кармалды.

Ал Ирандын пайдасына тыңчылык кылган деп шектелүүдө.

Прокуратуранын билдирүүсүндө белгиленгендей, камакка алынган чет элдик “Иранга тиешелүү чалгын мекемелер менен байланышта болгон”.

Маалыматтарга караганда, Германияда камакка алынган пакистандык Германия-Израил коомунун мурдагы башчысы, ага жакын адамдар жана башкалар тууралуу маалыматтарды Иран тарапка берген.

Немис бийликтерин тыңчы деп шектелген чет элдикти камакка алуу чечимин федералдык судья дагы колдоду. (UE)

XS
SM
MD
LG