Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Ички иштер министрлиги Кытай менен кызматташат


Кыргызстандын тартип коргоочулары.
Кыргызстандын тартип коргоочулары.

Кыргыз өкмөтү коопсуздук жана тартип коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча Кытай менен кызматташууну күчөтөт. Бейшемби күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй менен жолугуп, бул маселени талкуулашты. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууга Кытайдын тартип коргоо органдарынын өкүлү, генерал-майор Чжу Ваньи да катышты.

Кыргызстан буга чейин тартип коргоо багытында Орусия менен бир катар тажрыйба алмашууларды өткөргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG