Киев Шаардык кеңеши калаадагы Москва проспектинин аталышын Степан Бандера деп өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу депутат Юрий Сиротюк “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Көчөнүн атын алмаштырып, ага белгилүү саясий ишмердин ысымын ыйгарууга 97 депутаттын 87си макулдук берди.
2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алгандан бери Украинада Орусияга байланыштуу аталыштар өзгөртүлүп, орустун атактуу адамдарына тургузулган эстеликтер да жок кылынууда.