Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Мамлекеттик ипотекалык компания 100-кардарга насыя берди


Кыргыз өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында 7-июль күнү 100-кардарга насыя берилди. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургуну экенин “Мамлекеттик ипотекалык компаниядан” “Азаттык” радиосуна билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин үй сатып алуусу үчүн берилген насыялардын жалпы өлчөмү 96 миллион 940 миң 719 сомду түздү.

Өкмөт быйылтан тарта бюджеттик кызматкерлерге ипотекалык насыя берилерин билдирип, мамлекеттик ипотекалык компания түзгөн. Ипотекалык насыялар 12-14 пайыздык үстөк пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө чейин берилери айтылган. Арзан кредит берүү модели иштелип чыгып, 5 миллиард сомдон ашуун акча бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG