Жолдун Каракөл жана Таш-Көмүр шаарларынын аралыгындагы Разан-Сай участкасына таш түшүп, жол жабылганын ошол жерде турган айдоочулар “Азаттыкка” кабарлашты. Алардын айтуусунда, көчкү түшкөн жерден жол унаа өтө алгыс болуп буулгандыктан, жолдун эки тарабында миңдей унаа чогулган.
Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен да тастыкташты. Министрликтин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Бишкек-Ош жолунун Разан-Сай участкасына 8-июль күнү, саат 9:00 чамасында таш көчкү түшүп, жолду жаап калган:
- Учурда жергиликтүү жарандык комиссиясы, Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кызматкерлери көчкүнүн көлөмүн иликтешүүдө. Ал эми жолду тазалоо иштерине Транспорт министрлигинин Бишкек-Ош унаа жолу дирекциясы тарабынан даярдык жүргүзүлүүдө.
Бишкек-Ош жолуна 6-июлдан 7-июлга караган түндө да көчкү түшүп, жол жабылган. Тазалоо иштеринин натыйжасында, 7-июлда түшкө жуук жол бир тараптуу ачылган болчу.
Бишкек-Ош магистралы өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген стратегиялык маанидеги жол. Узундугу 600 чакырым.(ZKo)