Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Премьер-министр Бишкек-Манас жолунун курулушуна канааттанган жок


Өкмөт башчы бул жолдун курулушуна мамлекеттен бөлүнгөн акча сарпталып жатканын белгилеп, бирок жол сапатсыз, эптемей курулуп жатканына нааразылыгын билдирди:

-Өлкөнүн эң башкы жолун кантип ушинтип курууга болот? Эптемей кылып, сапатсыз курулуптур. Жада калса жолтандабас “Жип” да секирип атат. Айылдарда да мындай жол жок. Тезинен бардык мүчүлүштүктөрдү оңдогула.

Ал эми жолду куруп жаткан “Технотоп” компаниясынын жетекчиси Анатолий Горбунов азыр курулуш иштери аягына чыга электигин белгилеп, жолду пайдаланууга берүүдө сапаты жакшы болорун ырастады. Анын айтуусунда, Бишкек – Манас абамайданы жолу Эгемендүүлүк күнүнө жакын бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Сооронбай Жээнбеков 8-июль күнү Бишкек - Манас абамайданы жолунун курулушу менен таанышты.

Бишкек – “Манас” абамайданы жолунун жалпы узундугу 29 чакырым. Жолдун курулушуна мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG