Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

“Ала-Тоо” эс алуу комплексинин мыйзамсыз жер ээлеп алганы аныкталды


Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы маалымдагандай, борбор калаанын түштүк тарабынан орун алган “Ала-Тоо” эс алуу комплекси уруксат берилген аймактан тышкары дагы жерлерди ээлеп, ал жактарга да курулуш жүргүзө баштаган. Маалыматта айтылгандай, “Ала-Тоо” эс алуу комплексине 49 жылдык ижарага 1,159 гектар жер берилген. Долбоорго ылайык, бул жерге ден соолук чыңдоочу объекттер менен чогуу кафе-дүкөн курулмак.

“Ала-Тоо” эс алуу комплекси “ДАТЭС” фирмасына таандык. Ал эми бул фирманын ээси Хусаин Ибрагимов. Ага атайын кат жолдонуп, 2016-жылдын 30-июнуна чейин мыйзамсыз курулуштарды токтотуп, аймакты мурунку калыбына келтирүү тууралуу эскертүү берилгенин архитектура башкармалыгы маалымдады.

Архитектура башкармалыгы ошондой эле бул боюнча Мамлекеттик экотехинспекциясына кайрылып, тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.

Бишкек шаардык мэриясы акыркы убактарда мыйзамсыз курулган курулуштарга каршы активдүү иш алып барууда. Жыл башынан бери 37 мыйзамсыз курулуш сүрдүрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG