Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, көчкүнүн көлөмүн аныктоо жана тазалоо иштери Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлүп жатат.
Бишкек-Ош жолунун Каракөл жана Таш-Көмүр шаарларынын аралыгындагы Разан-Сай участкасына бүгүн саат 9:00 чамасында таш көчкү түшүп, жол жабылган. (ZKo)