Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

БШК: Саматов Орусия жарандыгын 2001-жылы алган


Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

Бул тууралуу Боршайкомдо жүрүп жаткан жыйында БШКнын укук бөлүмүнүн башчысы Альгиз Шүкүралиев билдирди. Ал берген маалымат боюнча, Жыргалбек Саматов орус жарандыгын 2001-жылы 19-июлда Казан шаарында алган. БШКнын юристи Орусиянын миграция кызматтарында Саматовдун орус жарандыгынан чыкканы тууралуу арызы катталбаганын да кошумчалады. Шүкүралиевдин айтуусунда, Жыргалбек Саматов буга чейин БШКга көрсөтүп жүргөн анын орус жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалыматтын мыйзамдуулугунда шек бар.

Жыйындын жүрүшүндө ушул эле маалыматты Башкы прокуратуранын өкүлү Жыргал Исмаилов да тастыктады.

Ал эми Жыргалбек Саматов өз сөзүндө эч качан орус жарандыгын албаганын, бул тууралуу көрсөтүлгөн документтердин баары жасалма экенин айтып, “документтердеги коюлган колдор меники эмес”, деп билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Жыргалбек Саматов өткөн күздөгү парламенттик шайлоодон кийин “кош жарандыгы бар” деген негиз менен мандатынан эки жолу ажыраган. Аягында Жогорку соттун чечими менен кайра депутаттыкка келген.(EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG