Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Обама Далласта полицияга каршы ок атууну сынга алды


Далластагы атышуудан беш полиция кызматкерлери набыт болуп, жетөө жарадар болушту.
Далластагы атышуудан беш полиция кызматкерлери набыт болуп, жетөө жарадар болушту.

АКШнын президенти Барак Обама Далластагы нааразылык акциясында полицияга каршы ок атылышын кескин сынга алды. Беш адамдын өмүрүн алган бул чабуулду президент “жийиркеничтүү” деп атаганын The Guardian жазды. Атышууда жети адам түрдүү жаракаттарды алышкан, алардын бири жай тургун экени кийин белгилүү болду.

Президент ошондой эле Далластын мэрине америкалыктардын атынан көңүл айтып, шаарга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Нааразылык акциясынын жүрүшүн көзмөлдөп жаткан полицияга кол салуу 7-июлдун кечинде болгон. Далластын полиция бөлмүнүн башчысы чабуул тыкыр даярдалганын маалымдады. Азырынча үч шектүү адам кармалып, бирөө кармоо операциясында жок кылынды. Маалымат каражаттарынын жазышынча, ал полицияга каршылык көрсөткөн.

Нааразылык акциялары июль айынан башында полиция эки афроамерикалык Элтон Стерлинг менен Филандо Кастайлды атып салышкандан кийин Далласта жана АКШнын башка шаарларында башталган.

XS
SM
MD
LG