Жыргалбек Саматовду кош жарандыгы бар деген негиз менен 8-июлда Боршайком мүчөлөрү бир добуштан аны депутаттык мандатынан ажыратты. Отурумга катышып отурган 12 мүчөнүн баары макул деп добуш беришти.
Жыргалбек Саматов болсо Кыргызстандын жарандыгынан эч качан чыкпаганын далилдей турганын билдирди. Ал өзүн орус жарандыгын алды деген документтердин жасалма экенин аныктоосун өтүнүп, Татарстандын сотуна кайрылган. Саматовдун айтуусунда, Татарстандын соту бул ишти 14-июлда карайт.
Ошондой эле Саматов БШКнын 8-июлдагы отурумун мыйзамсыз деп, сотко кайрылган. Депутаттын өкүлү Таалайкүл Токтакунованын айтуусунда, бүгүнкү жыйын тууралуу маалымат кеч берилген. Ошондуктан, Боршайкомдун бул аракетин мыйзамсыз деп чечүүсүн өтүнүп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Өкүлдүн айтуусунда, сот бул ишти 9-июлда карамакчы.
Депутаттын өкүлү отурум учурунда БШКнын айрым мүчөлөрүнө ишенбестик билдирип, Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиеваны убактылуу милдетинен ажыратып турууну өтүндү. Токтакунова БШКнын эки мүчөсү “Республика – Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү болгондуктан, Саматовду мандатынан ажыратуу демилгесин ушулар көтөрүп чыкты деп эсептейт.
БШК ушуну менен Жыргалбек Саматовду үчүнчү жолу депутаттык мандатынан ажыратып отурат. Буга чейин эки жолу мандатын алып, бирок Жогорку соттун чечими менен кайра берген.(EBM;ZKo)