Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

9-июлга аба ырайы


Жайлоо.
Жайлоо.

8 - 10 июлдагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

9-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүзү 29…34,

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүзү 28…33 градус ысыйт.

Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүзү 29…34,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүзү 30…35 градус ысык.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүзү 21…26 градус, ал эми Нарында түнкүсүн 5…10, күндүзү 21…26 градус ысык.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүзү 19…24.

Бийик тоолуу райондордо 0…-5, күндүзү 10…15 градус жылуу.

9-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 17…19°, күндүзгү температурасы 32…34° жылуу.

XS
SM
MD
LG