Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Олланд: Орусия коркунуч эмес, ал бизге өнөктөш


Франциянын президенти Франсуа Олланд
Франциянын президенти Франсуа Олланд

Франция президенти Франсуа Олланд Орусияны коркунуч эмес өнөктөш катары кароо керектигин бүгүн Варшавада башталган НАТОнун саммитинде айтты.

“Европа менен Орусиянын алакасы кандай болушу керектиги тууралуу айтууга НАТОнун эч кандай ыйгарым укугу жок. Франция үчүн Орусия душман эмес, коркунуч да эмес. Орусия өнөктөш болгону менен өз күчүн колдоно калат. Муну биз Украинадагы кийлигишүүсүндө жана Крымды аннексиялап алганда көрдүк. Бирок ал үчүн биздин сынга калды", - деп кошумчалады Франциянын президенти.

НАТО менен Орусиянын алакасы 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алгандан кийин муздап кеткен. Ал эми Франция, Германия жана Италия сыяктуу уюмга мүчө өлкөлөр Кандуу согуш маалындагы кырдаалды кайталабаш үчүн альянсты Москва менен байланышты үзбөөгө чакырып келет. Саммит алдында Германия, Франция жана Орусиянын лидерлери телефон менен сүйлөшүү аркылуу Украинанын чыгышындагы абалды талкуулашканы маалым болду. Германия өкмөтүнүн өкүлдөрү билдиргендей, тараптар Минск келишиминде макулдашылган чаралардын тезирээк ишке ашуусуна кызыкдар экенин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG