Бул күндөрү Бишкекте, Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде үй-бүлө институтунун өнүгүү тарыхына арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.
“Үй-бүлө Евразия элдеринин маданиятында. 19-кылымдын башы - 20-кылымдын аягы” деген аталыш менен уюштурулган көргөзмөгө Евразия, анын ичинде Борбор Азия аймагында жашаган элдин үй-бүлө маданиятын чагылдырган уникалдуу фото сүрөттөр коюлган. Алардын баары Орусиянын Этнографиялык музейинен алынып келинген.
Экспозиция 21-июлга чейин уланат.
8-июлда Орусияда Үй-бүлө күнү болду.
Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана бейкуттук күнү сентябрь айында белгиленет. (RK)