Бүгүн кечинде Бишкекте жаз музыкасынын күйөрмандары үчүн концерт уюштурулат. Кыргызстанда гана эмес, Азия аймагында мыкты деп эсептелен SALT PEANUTS ("Туздалган жаңгак") жаз тобунун кезектеги концерти Студия 247 арт-клубунда өтөт.
Аталган топ өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган түрдүү сынак, фестивалдарга активдүү катышып келүүдө. (RK)