Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Британияда экинчи референдум болбойт


Британиянын ЕБдан чыгуусуна каршы болгондордун акциясынын катышуучусу. Лондон, 2016-жыл
Британиянын ЕБдан чыгуусуна каршы болгондордун акциясынын катышуучусу. Лондон, 2016-жыл

Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу боюнча референдумуна каршы топтолгон петиция өкмөт тарабынан канааттандырылган жок. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады. 23-июнда Британ шайлоочуланын 52 пайызы Европа Биримдигинен чыгууну жактап добуш берген. Андан кийин биримдикти жактаган он миңдеген британдыктар экинчи референдумду өткөрүү талабы менен кол топтошкон. Бирок өкмөт бул маселени карап чыгып, кол топтогондордун талабын канааттандырбады. Петицияга 4,1 миллион жаран кол койгон эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG