Чехиянын Карловы Вары шаарында 51-эл аралык кинофестиваль аяктады. Башкы байге «Хрусталь глобусту» венгриялык режиссер Шаболч Хайдунун эки эже-сиңдинин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы мамилени баяндаган “Үй-бүлөлүк бакыт” драмасы алды. Калыстар тобунун атайын сыйлыгы орусиялык режиссер Иван Твердовскийдин зоопарк кызматкери тууралуу “Зоология” тасмасына тийди.
Эң мыкты режиссура үчүн сыйлык словениялык Дамьян Козолеге "Түнкү жашоо" фильми үчүн ыйгарылды.
«Чыгыштан Батышты көздөй» деген экинчи конкурста Русудан Глурджидзенин «Чоочун үй» картинасы утту. Грузия, Орусия, Испания жана Хорватия биригип тарткан бул тасмада грузин-абхаз чырынын кесепеттери тууралуу баяндалат.
Кино искусствосуна кошкон салым үчүн «Хрусталь глобус» бул жолу америкалык актер Уиллем Дефого берилди. (RK)