Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Айрым лицей директорлорун иштен алуу тапшырмасы берилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик аттестация мыйзамдарын бузган лицей жетекчилерине карата чара көрүлөт. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Таалайбек Чолпонкуловго аттестациядан убагында өтпөгөн лицей директорлорун жазалоо, керек болсо иштен алуу тапшырмасы берилди.

Министр Элвира Сариева айрым кесиптик-техникалык мекемелер мамлекеттик аттестациядан өз маалында өтпөй, сертификатсыз иштеп жүргөнүн айтты жана мындай жагдай окууну аяктаган улан-кыздардын аттестат албай калуу тобокелдигин пайда кылганын белгиледи.

Жыл сайын Кыргызстанда лицей-колледждерди 30 миңге жакын улан-кыз аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG