Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Мугалимдердин жайкы эс алуусуна кошумча эки миллион сом каралууда


Билим жана илим министрлиги быйыл мектеп мугалимдеринин жайкы эс алуусун уюштурууга кошумча эки миллион сом каралып жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, учурда бул сунуш мекемелер ортосунда макулдашуудан өтүп жатат.

Өкмөт башчы тиешелүү токтомго кол коер замат 400 мугалим үчүн 2,1 миллион сом бөлүнөт. Бул акча министрликке бөлүнгөн каражаттан үнөмдөлүп калган сумма экени айтылды.

Мындан тышкары, адаттагыдай эле быйыл да 2 миң мугалимдин санаторий-курорттордо эс алып, дарылануусуна жолдомо берилүүдө.

Кыргызстанда 2 миңден ашуун орто мектеп бар. (RK)

XS
SM
MD
LG