Таласта аялдардын ишкердигин колдоо боюнча семинар өттү. Иш-чарага Улуттук банктын, жергиликтүү башкаруу органдарынын жана айымдар ишкердигин колдоого кызыкдар мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Семинардын катышуучулары жалпы гендер түшүнүктөрү, чет өлкөлөрдөгү гендердик теңчилик жана микрокаржылоо саясатынын мыкты мисалдары менен таанышып, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк боло турган план иштеп чыгуу үчүн маалымат алышты.
Окутуу «Айымдар ишкердигин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өттү. Ал Азия өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланып, Экономика министрлигинин катышуусу менен ишке ашырылып келет.
Жыл башынан бери долбоор алкагында Таласта 30 аял бизнес-билим алышты. (SS)