Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Түндүк Кореянын дипломаты Орусиядан Украинага качып кетти


Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын (ортодо)
Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын (ортодо)

1-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан Түндүк Кореянын Санкт-Петербургдагы элчилигинин үчүнчү катчысы Ким Чхор Сен Орусиядан Украинага качып кеткени маалым болду. Ал аялы менен уулун алып "Пулково" аэропорту аркылуу адегенде Беларуска, андан кийин Украинага учуп кеткенин ТАСС агенттиги жазууда.

Украин тараптан бул боюнча расмий комментарий боло элек.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Түндүк Кореянын жарандары мекенин таштап качууга аракеттенген учурлар көп болот, бирок дипломаттар арасында мындай окуялар сейрек кездешет. (RK)

XS
SM
MD
LG