Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

АКШда полицияга каршы акциялар уланууда


АКШда полицияга каршы нааразылык акциялары уланууда. Ишемби күнү демонстранттар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан ондогон адамдар камалды, арасында жараат алгандар да бар.

​Вашингтондогу акцияларга жүздөгөн жаран катышты.

Нью-Йоркто негизги автотрассалардын бирин бууган 10 манифестант кармалды. Алар колуна ушул жумада полициянын огунан мерт болгон Алтон Стерлинг жана Филандо Кастиленин сүрөттөрүн алып, "Кийинкиси ким?", "Абайлагыла, расизм!" деген жазууларды кармап турушту.

Нааразылык акциялары Миннесота, Сан-Франциско жана башка аймактарда да өттү.

Учурда Испанияда иш сапарда жүргөн өлкө президенти Барак Обама Европа турнесин бир күнгө кыскартып, кырдаалды териштириш үчүн бүгүн кечинде мекенине кайтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG