Премьер-министр Хайдар ал-Абади өз билдирүүсүндө өлкөнүн түндүк бөлүгүндө жайгашкан Кайара деген шаарчадагы аскер-аба базасынын “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотулуусун Мосулду алууга жасалган маанилүү кадам катары сыпаттады. Ал ошондой эле Мосулдун тургундарын “аймактардын бошотулуусуна даяр болууга" да үндөдү.
Ирактын экинчи ири шаары Мосулду “Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылы жай айларында басып алган эле.
Быйыл мартта Ирак армиясы Мосулдун түштүк жана түштүк-чыгыш ыптасын согушкерлерден тазалоо жана шаарды камсыздоо жолдорун акырындык менен бууп салуу боюнча операцияга киришкен. Бирок расмий Багдад Мосулдун өзүн бошотуу боюнча операция канчан башталарын азырынча айта элек. (UE)