Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:33

Орусия НАТОдон түшүндүрмө күтөт


НАТО саммити. Варшава, 9-июль, 2016-жыл.
НАТО саммити. Варшава, 9-июль, 2016-жыл.

Бул тууралуу жекшемби күнү орус тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Анын айтымында, Москва Орусия-НАТО кеңешинин 13-июлдагы кеңешмесинде Түндүк атлантикалык альянстан анын пландары боюнча түшүндүрмө алууну көздөйт.

Мунун ичинде НАТОнун Финляндия үчүн Балтика деңизинде абадан коргонууну жакшыртуу планы боюнча да түшүндүрмө алгысы келет.

НАТО 8-9 –июль күндөрү Варшавада өткөн саммитинде альянстын чыгыш флангын чыңдоо планын расмий бекитти.

Ага ылайык, Польша жана Балтикадагы үч өлкөгө кошумча төрт батальон аскер жайгаштырылат.

Аларды АКШ, Улуу Британия, Германия, Канада жетектейт.

НАТО ошондой эле Орусиянын абада жана деңизде аскерий активдүүлүгү күчөгөнүнө байланыштуу альянска мүчө эмес Финляндия жана Швеция менен коргонуу жаатында биргелешкен аскерий машыгуулар, маалымат алмашуу аркылуу кызматташтыкты күчөтүүнү мерчемдеп жатканын да билдирген.

Расмий Москва болсо НАТО өз аракеттери менен пландарында Орусиядан жок коркунунучтарга эле көңүл бурууда деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG