Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Обама Испанияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


АКШ президенти Барак Обама Варшавадагы НАТОнун саммитинде сөз сүйлөп жатат. Польша, 2016.
АКШ президенти Барак Обама Варшавадагы НАТОнун саммитинде сөз сүйлөп жатат. Польша, 2016.

АКШ президенти жекшемби күнү Мадридде испан падышасы Фелипе VI жана премьер-министри Мариано Рахой менен жолукту.

Мамлекет башчысы катары Европанын бул өлкөсүнө алгачкы сапарын Обама Даллас шаарындагы окуяларга байланыштуу бир күнгө кыскартты. Ал жерде 7-июль күнү беш полицейди снайпер атып салган эле.

Окуя афро-америкалыктардын полициядан ок жеп, каза тапкан соңку учурларына байланыштуу тынч мүнөздөгү нааразылык акциясы өтүп жаткан кезде болгон.

Бийликтер полицияга ок ачкан жигит 25 жаштагы афро-америкалык Мика Жонсон деп жарыялашты. Аскер кызматчысы катары ооган согушуна катышып келген Жонсон өзү полиция менен узакка созулган тирешүү учурунда өлтүрүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG