Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Батал Табагуа президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча жалпы элдик добуш берүү өткөн жок деп табылганын жарыялады. Буга шайлоочулардын келбей койгону себеп болгон:
-Добуш берүүгө келген жарандардын жалпы саны 1628 адамды түздү. Бул шайлоочулардын 1,23 пайызы. Алардын 750сү макул, 761и каршы деген добуш беришкен.
Эгерде 50 пайызга жетпеген шайлоочу катышса референдум өтпөдү деп эсептелет. Эми оппозиция кеминде эки жылдан кийин референдум өткөрүүнү сунуштай алат. Референдум өткөрүү демилгеси оппозицияга таандык болчу. Өткөн аптада аймакта оппозициянын тарапкерлери менен жергиликтүү милиция кагылышкан. Нааразы болгондор ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып, Сухумидеги милиция башкармалыгына кирүүгө аракеттенген. Окуядан кийин Абхазиянын лидери Рауль Хажимба 8-июлда референдум өтөрүн билдирип, ички иштер министри Леонид Дзапшуну убактылуу кызматтан четтеткен. Абхазия 2008-жылы Грузиядан бөлүнүп, өзүн эгемен деп жарыялаган.