Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгуусуна тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-июлда Бишкектеги мечиттердин биринде элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты:
- Мындан башка сүйлөй турган жерлердин баары азыр биз үчүн тосук. ЭлТР, Марал FMдеги биздин сабактарыбыз тосулган. Бирок, ушундай жерлерде жолугуштурган үчүн Аллага ыраазычылык айтабыз.
Чубак ажынын автордук берүүсү Марал FMден эки жумадан бери чыкпай калганын жана убактылуу токтотулганын аталган радионун жетекчилигинен ырасташты. УКМК жана президенттик аппарат бул чечим боюнча расмий кабарлай элек. (NT)