Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Аскаровдун соту коопсуздук күчөтүлгөн шартта өтөт


Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши каралганы жатат
Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши каралганы жатат

Азимжан Аскаровдун соту коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өткөнү жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын сот залынан маалымдаганына караганда, учурда Жогорку Соттогу процесске соңку даярдык көрүлүүдө. Процесс 9:30да башталат.

Жогорку Соттогу териштирүүнү чагылдырууга 100гө жакын журналист катталган.

Бүгүнкү жараянга айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышканы жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери быйыл 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган. Жогорку Сот эгерде Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайлар териштирилерин билдирген.

Аскаров 2010-жылы Июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Аталган окуяда мерт болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына каршы чыгып, зарыл болсо өзү да БУУга кайрыларын айтууда.

Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG