Бишкекте мас абалында мотоциклге 11 жаштагы уулун салып бараткан жаран жол кырсыгына кабылып, өзү да, баласы да жабыркады.
Окуя кечээ Бишкекте Щербаков жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун бүгүн "Тез жардам" кызматынан кабарлашты.
35 жаштагы жаран мээси чайкалып, бетинен жараат алды. Уулу да көптөгөн жараат алып, баш мээси чайкалып, ооруканага түштү. (RK)