Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Нурлан Айтмурзаев иштен алынды.
Ал өзү берген арыздын негизинде бошотулганын, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Айтмурзаев ректорлук кызматка 2013-жылы дайындалган.
Буга чейин аталган окуу жайда ички пикир келишпестиктер, бири-бирин жана жетекчини айыптоолор болуп келген. (RK)