Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Түркияда дагы жети киши кармалды


Стамбул абамайданын жардырган жанкечтилер.
Стамбул абамайданын жардырган жанкечтилер.

Стамбулдагы канабайрамга байланыштуу түрк соту дагы жети кишини камакка алуу чечимин чыгарды. Ошону менен терактан кармалгандардын жалпы саны 37ге жеткенин түрк маалымат каражаттары жазды.

Анадолу мамлекеттик маалымат агенттиги 11-июлда кабарлагандай, кармалган жети киши “куралдуу террордук топтун мүчөсү болгон” жана киши өлтүрүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Доган маалымат агенттиги, 10-июлда кармалган жети кишинин баары чет өлкө жарандары экенин маалымдаган.

28-июнда Ататүрк аба майданында жасалган терактан 45 киши өлүп, 240тай адам жарадар болгон. Бир дагы уюм теракт үчүн жоопкерчилик алган жок. Бирок түрк бийлиги ал Даиштин колунан келди деп шектөөдө. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган теракт жасагандар Даиштин мүчөсү болгон КМШ мамлекеттеринин жарандары экенин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG