Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Исаков: Меркелдин Бишкекке сапарын немис тарап демилгеледи


Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркелдин 2015-жылдын апрель айындагы жолугушуусу
Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркелдин 2015-жылдын апрель айындагы жолугушуусу

Германия канцлери Ангела Меркелдин Бишкекке сапарын немис тарап демилгелөөдө. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге маалымат берип жатып президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.

Исаковдун айтуусунда, Меркель Кыргызстанга алгачкы сапар менен келатат.

13-14-июлга пландалган сапар маалында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтүп, саясий-экономикалык кызматташтык талкууланат.

Расмий бийлик өкүлдөрүнөн тышкары канцлер жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар менен жолугары пландалууда. Ал эми буга чейин жарыялангандай муфтий менен жолугушуусу болобу же жокпу, азырынча белгисиз.

Президент Алмазбек Атамбаев Меркель менен 2012 жана 2015-жылдары Германияда жолуккан. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG