Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Египеттин тышкы иштер министри Израилдин өкмөт башчысы менен жолугушту


Египет-Израил чек арасы.
Египет-Израил чек арасы.

10-июлда болгон жолугушууда израиль-палестин ортосунда тынчтык жараянын калыбына келтирүү аракети жасалды. Министр Самех Шукринин Израилге визити акыркы тогуз жылдагы биринчи сапар болуп калды. Израиль өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен бирге журналисттер алдына чыккан Шукри израиль-палестин маселесин чечүү жалпы Жакынкы Чыгыш регионунда кырдаалдын оңолушуна өтө олуттуу таасир этерин билдирди.

Египет министринин сапары Франциянын эки тарапты сүйлөшүүгө кайрадан отургузуу аракетине туура келүүдө. Египет министри палестин тарап менен Рамалла шаарында 29-июнда жолугушкан.

Египет 1967-жылдагы чек ара жана Чыгыш Иерусалим борбору болгон көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлүшүн жактайт. Бирок Израиль жана Палестинаны сүйлөшүүгө отургузуу аракети буга чейин натыйжа берген эмес. Израиль эки тарап түз сүйлөшүүсүн жактайт. Ал эми Палестина Израилдин жаңы конуштары Палестинанын көз карандысыз мамлекет болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатканын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG