Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Бин Ладендин уулу АКШдан өч аларын билдирди


Бин Ладенди жок кылуу операциясы.
Бин Ладенди жок кылуу операциясы.

Аль-Каиданын негиздөөчүсү Усама бин Ладендин уулу атасынын өлүмү үчүн АКШдан өч аларын жаңы аудиодо билдирди. 10-июлда таратылган аудио үндө Хамза бин Ладен америкалыктар өз лидерлеринин чечими үчүн жооп берет дейт.

Ал ошондой эле аскерлешкен топ “мусулмандарды кысымга алган үчүн” АКШга каршы согушту улантарын белгилеген. “Эгерде силер Абботтабаддагы кылмышыңар жазасыз калат десеңер, анда силер жаңылышасыңар” дейт Хамза бин Ладен.

Усама бин Ладен 2011-жылы Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын багыттагы аскерлеринин чабуулу учурунда өлтүрүлгөн. Бин Ладендин уулунун кайда экендиги белгисиз. Бул аудио анын аль-Каида жетекчилигин колго алуу аракетин кабарлары айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG