Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Канада өкмөт башчысы: Орусия “позитивдүү өнөк” болгон жок


Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Чыгыш Украинада жаңжалды токтотууда Орусия “позитивдүү өнөк” болбогонун билдирди.

11-июлда Киевде сүйлөгөн Трюдо “Украина Минск келишимин аткаруу жана ок атышууну токтотуу үчүн өзгөчө маанилүү жана татаал кадамдарды жасаганы белгилүү. Орусиянын ал келишимди аткарууда “позитивдүү өнөк” болбогону да ачык-айкын” деген.

Украинада эки күндүк сапар менен жүргөн Трюдо 13 млн. доллар өлчөмүндө кошумча гуманитардык жардам бөлүнөрүн белгилеген. Ал ошондой эле жаңжал аймагында ЕККУнун алкагында Канада байкоочулары көбөйтүлөрүн маалымдаган.

Канада жана Украина Трюдонун сапары учурунда эркин соода келишимине жетишти. (AiT)

XS
SM
MD
LG