Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Азимжан Аскаровдун соту уланат


Жогорку сотто Азимжан Аскаровдун иши каралууда.
Жогорку сотто Азимжан Аскаровдун иши каралууда.

Жогорку cотто бүгүн абактагы Азимжан Аскаровдун соту уланат. Кечээ башталган жараянды Качыке Эсенканов баштаган судьялар тобу териштирип жатат.

Быйыл апрелде Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин кайра кароону Кыргызстанга сунуштаган. Жогорку сот Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайларды териштире турганын билдирген. Сотто Аскаровду адвокаттар Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов коргоодо. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова коомдук жактоочу катары катышууда.

Жабырлануучу Чынара Бечелова саламаттыгына байланыштуу 11-июлдагы териштирүүгө келе албаганын, бүгүн сөзсүз катышарын "Азаттыкка" билдирди.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бул окуяда каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына каршы чыгып, зарыл болсо өзү да БУУга кайрыларын айтууда. Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG