Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Кадамжайда милициядан жабыркадым деген жаран операция болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Кадамжай районунун 35 жаштагы тургуну эки бөйрөгү жабыркап, ичегиси эки жеринен 5 сантиметрден айрылды. Өзүнүн айтымында милиция кызматкерлеринин ур-тепкисинен улам жабыркаган.

Анын туугандары кечээ, 11-июлда Кадамжай райондук милициясынын алдына чогулуп, ур-тепкиге алган милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышты.

Факт боюнча атайын иликтөө башталганын, күнөө далилденсе айыптуулар жазага тартыларын милициянын облустук башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 29-июнда Өрүкзар айылында болгон. Жабыркаган адамдын айтымында ошол күнү ал мас болчу, аймактык тескөөчү аны бөлүмчөгө алып барып сабаган. Акыйкатчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү окуя боюнча атайын иликтөө жүргүзүп баштаганын “Азаттыка” билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG