Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Токтакунов: Аскаровдун ишин кароодо Жогорку Сот компетентсиздигин көрсөтүүдө


Адвокаттар Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов
Адвокаттар Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин кароодо компетентсиздигин көрсөтүүдө. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Аскаровдун адвокаты, укук коргоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтуусунда, бул жолу сотто араздашкан тараптарга сөз берип, аларды угуунун кереги жок болчу. "Жогорку Сот ишти Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча пактынын негизинде кароо жагынан компетентүү эместигин көрсөтүп жатат" дейт Токтакунов.

Июнь окуясы үчүн айыптуу деп өмүрүнүн акырына чейин кесилген жалалабаддык укук коргочу Азимжан Аскаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу БУУнун комитетинин сунушунун негизинде Жогорку Сотто кечээтен бери кайра каралууда.

Ушу тапта сот кеңешүү жүргүзүп жатат.

Жараянга эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү да катышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG