Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Кыргызстандык көчө футболчулар АКШ менен Кот-д`Ивуарды утту


Кыргызстандын көчө футболу боюнча кыз-келиндер командасынын оюнчулары
Кыргызстандын көчө футболу боюнча кыз-келиндер командасынын оюнчулары

Ушул күндөрү Улуу Британиянын Глазго шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасында көчө футболу боюнча дүйнө чемпиондугунда (Homeless World Cup) Кыргызстандын курама командасы экинчи жеңишин камсыздады.

Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди. Маалыматка караганда, 11-июль күнү Кыргызстандын командасы Кот-д'Ивуар өлкөсүнөн келген атаандаштары менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Ага чейин биринчи беттешинде АКШдан келген оюнчуларды 8:2 эсебинде утуп алышкан.

Көчө футболу боюнча дүйнө чемпиондугуна 15 команда катышып эки топко бөлүнүп ойноодо.

Кыргызстан В тайпасында АКШ, Кот-д'Ивуар, Шотландия, Норвегия, Голландия, Уэльс жана Кения өлкөлөрүнүн оюнчулары менен ойнойт. Бүгүн, 12-июлда башкы машыктыруучу Гүлбара Үмөталиеванын шакирттери кениялык атаандаштары менен беттешет.

Финалдык оюндар 17-июлда болот. Көчө футболу боюнча Кыргызстандын командасы дүйнө чемпиондугуна 2007-жылдан бери катышып келет. Кыргызстандык көчө футболчулар 2009-жылы коло байге алса, 2013-жылы төртүнчү орунга ээ болгон. ECh.

XS
SM
MD
LG