14-17-июлда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болот. Маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.
14-июлда күндүз жана 15-июлда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Кээ бир райондордо батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөйт.
Нөөр жаанга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.