Бул тууралуу бүгүн Чымкентте өткөн облус имамдарынын жолугушуусунда аймактын башкы имамы Амантай Садиев билдирди. Ал облуста мындай тыюу салынган жети кыймыл бардыгын кошумчалады.
-Салттуу эмес кыймылдардын мүчөлөрүн сакалдарынан, кийген кийимдеринен эле байкаса болот. Алардын эң башкы айырмачылыгы: "Аллах кайда?"- деген суроого "Асманда"- деп жооп беришет,-деди имам Садиев.
Анын ырасташынча, Түштүк-Казакстан облусунда азырынча диний кырдаал туруктуу сакталууда.
Жыйында экстремизмди жайылтууга бөгөт коюу, Меккеге ажылык жасоо алдындагы уюштуруу маселелери талкууланды