АКШнын Кубадагы Гуантанамо базасында жайгашкан түрмөдө жаткан эки туткун Сербияга өткөрүлөт. Алар тажикстандык Мухаммедали Давлатов жана йемендик Мансур Ахмад Саад ал-Дайфий экенин АКШ Мамлекеттик департаменти билдирди.
Дипломаттардын айтуусунда, алар Сербияга өткөрүлө турган алгачкы туткундар болуп эсептелет. Бирок алар эмне үчүн Сербияга берилип жатканы тууралуу так маалыматтар азырынча чыга элек.